Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №6-6
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун айыл аймагынын Октябрь айылынын №799, №800, №802, №827 контурундагы 11,80 га коомдук курулуш, 18,20 га жайыт багытындагы жалпы 30,0 га жер аянтынын багытын күн панели багытына которууга (трансформацилоого) макулдук сурап жазган билдирүүсүн угуп, депутаттар тийиштүү ишкана-мекемелердин корутундулары менен таанышып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү убактылуу жобону” жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылынын №799, №800, №802, №827 контурундагы (№800 контурундагы коомдук курулуш багытындагы жалпы аянты 11,80 га жер аянтынын ичинен 5,0 га жер аянты калтырылсын) 11,80 га коомдук курулуш 18,20 га жайыт багытындагы жалпы 30,0 га жер аянтынын багытын күн панели багытына которууга (трансформацилоого) макулдук берилсин.
2. Айыл аймагынын Октябрь айылынын №799, №800, №802, №827 контурундагы (№800 контурундагы коомдук курулуш багытындагы жалпы аянты 11,80 га жер аянтынын ичинен 5,0 га жер аянты калтырылсын) 11,80 га коомдук курулуш 18,20 га жайыт багытындагы жалпы 30,0 га жер аянтынын багытын күн панели багытына которууда айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте багытын которуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык,
турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |