Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели № 6-8
Араван районунун 90 жылдыгына карата райондун борборун оңдоп, түздөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
Араван районунун 90 жылдыгына карата райондун борборун оңдоп, түздөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун 90 жылдыгына карата райондун борборун оңдоп, түздөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты суралсын.
2. Араван районунун 90 жылдыгына карата райондун борборундагы оңдоп, түздөөгө жаткан көчөлөрүндө аткарыла турган иштери такталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |