Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-июну, №7-1
Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын калктуу конуштарынын башкы планын долбоорун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын калктуу конуштарынын башкы планын долбоорун бекитүү жөнүндө Шаар куруу жана архитектура департаментинин №3 өнөр кана башчысы Түмөнбаев Садыкбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3- пунктуна ылайык: С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын калктуу конуштарынын башкы планынын долбоору алымча –кошумчасы менен бекитилсин.
2.Башкы пландын долбооруна сунушталган алымча-кошумчасына киргизилүүчү маселелерди жоопкерчиликти сезүү менен так, анык даярдоо жана Шаар куруу жана архитектура департаментине жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловго жер адиси Т.Юлдашевге жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин Агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровгө жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |