Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-июлу, №7-2
Араван районунун С.Юсупова айыл аймагына караштуу Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолунун 19,5,25,0 чакырымында оңдоо иштери башталгандыгына байланыштуу кызыл сызыкка кирип калган жапайы дарактарды кыюу жөнүндө.
Араван районунун С.Юсупова айыл аймагына караштуу Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолунун 19,5,25,0 чакырымында оңдоо иштери башталгандыгына байланыштуу жолдун четиндеги кызыл сызыкка кирип калган 10 түп арча, 34 түп кайрагач дарактарын кыюуга макулдук берүү боюнча № 44 жол эксплуатациялоо ишканасынын 2025-жылдын 11-июнундагы №01-6/118 сандуу каты менен таанышып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун С.Юсупова айыл аймагына караштуу Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолунун 19,5,25,0 чакырымында жолдун четиндеги кызыл сызыкка кирип калган 44 түп (кырк төрт) арча, кайрагачтарды кыюуга макулдук берилсин.
2. Араван районунун № 44 жол эксплуатациялоо ишканасына Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолунун 19,5,25,0 чакырымында оңдоо иштери башталгандыгына байланыштуу жолдун четиндеги кызыл сызыкка кирип калган 44 түп арча, кайрагачтарды кыюуда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынан уруксат алуусу белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |