Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-июлу, №7-3
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун айыл аймагынын Октябрь айылынын М.Калыков көчөсүндө жайгашкан №791 контурундагы жайыт багытындагы жана №797 контурундагы коомдук курулуштун багытындагы жер тилкелеринин ичинен жалпы аянты 2,0 га жер тилкесин билим берүү 112- кесиптик лицей багытына которууга (трансформациялоого) макулдук сурап жазган билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылынын М.Калыков көчөсүндө жайгашкан №791 контурундагы жайыт багытындагы жана №797 контурундагы коомдук курулуштун багытындагы жер тилкелеринин ичинен жалпы аянты 2,0 га жер тилкесин билим берүү 112- кесиптик лицей багытына которууга (трансформация лоого) макулдук берилсин.
2. Октябрь айылынын М.Калыков көчөсүндө жайгашкан №791 контурундагы жайыт багытындагы жана №797 контурундагы коомдук курулуштун багытындагы жер тилкелеринин ичинен жалпы аянты 2,0 га жер тилкесин билим берүү 112- кесиптик лицей багытына которууда айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте багытын которуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |