Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-июлу, №7-4
Октябрь айылынын Кызыл-Аяк көчөсүнүн тургуну Мамитов Муралым Бекташович Октябрь айылында (мурдагы СТФ) жайгашкан 25 жылга ижарага алган 0,49 га мал короо багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,20 га жерине мал короо курууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө.
Октябрь айылынын Кызыл-Аяк көчөсүнүн тургуну Мамитов Муралым Бекташович Октябрь айылында (мурдагы СТФ) жайгашкан 25 жылга ижарага алган 0,49 га мал короо багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,20 га жерине мал короо курууга макулдук сурап жазган арызы жана тиркелген тийиштүү документтери менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылынын Кызыл-Аяк көчөсүнүн тургуну Мамитов Муралым Бекташович Октябрь айылында (мурдагы СТФ) жайгашкан 25 жылга ижарага алган 0,49 га мал короо багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,20 га жерине мал короо курууга макулдук берилсин.
2. Октябрь айылынын Кызыл-Аяк көчөсүнүн тургуну Мамитов Муралым Бекташович Октябрь айылында (мурдагы СТФ) жайгашкан 25 жылга ижарага алган 0,49 га мал короо багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,20 га жерине мал короо курууга макулдук берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте макулдук берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |