Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-июлу, №7-5
Каррак айылындагы №18 Манас орто мектебинин филиалына кичи фудбол аянтчасын куруу жөнүндө
Каррак айылындагы №18 Манас орто мектебинин филиалына кичи фудбол аянтчасын куруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каррак айылындагы №18 Манас орто мектебинин филиалынын жер тилкесинин ичинен 968,0чарчы, мт жерине кичи фудбол аянтчасын курууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен №18 Манас орто мектебинин филиалына кичи фудбол аянтчасын курууга бөлүнгөн каражаты максатуу пайдалануусун камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р.Базарбаевге тапшырылсын.
3 Каррак айылындагы №18 Манас орто мектебинин филиалынын жер тилкесинин ичинен 968,0чарчы, мт жерине кичи фудбол аянтчасын курууга макулдук берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте макулдук берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |