Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ
29.05.2025 № 8
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Н.Исанов орто мектебинин директору Р.Э.Маматованын 2025-жылдын 25-май айындагы №55 сандуу билдирүүсүн карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Н.Исанов орто мектебинин директору Р.Э.Маматованын 2025-жылдын 25-май айындагы, 4 класстын 225 чарчы метр полу жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу, ушул класстардын полун жаңылап берүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл өкмөтүнө караштуу Н.Исанов орто мектебинин директору Р.Э.Маматованын 2025-жылдын 25-май айындагы, 4 класстын 225 чарчы метр полу жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу, ушул класстардын полун жаңылап берүү жөнүндөгү билдирүүсү канаттандырылсын.
2.Достук айыл өкмөтүнө караштуу Н.Исанов орто мектебинин директору Р.Э.Маматованын 2025-жылдын 25-май айындагы, 4 класстын 225 чарчы метр полу жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу, ушул класстардын полун жаңылоого смета түзүү үчүн, Жаңы-Арык айылы үчүн 2025-жылдын иш-планында бөлүнгөн сумманын ичинен 1 млн сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Токтомдун аткарылышы ФЭБнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |