Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ
29.05.2025 № 9
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылына кошумча көмөк чордон куруу үчүн, 0,20 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо) үчүн жазган билдирүүсүн карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтунүн башчысы М.Н.Кадировдун, айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылына кошумча 35кВ аба чубалгысын тартып, 35/10кВ көмөк чордон куруу үчүн, Жаңы-Араван айылынын Ак-Шар участкасында жайгашкан №1090 контурдагы жайыт жер тилкесинин 0,20 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо) үчүн жазган билдирүүсүн таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтунүн башчысы М.Н.Кадировдун, айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылына кошумча 35кВ аба чубалгысын тартып, 35/10кВ көмөк чордон куруу үчүн, Жаңы-Араван айылынын Ак-Шар участкасында жайгашкан №1090 контурдагы жайыт жер тилкесинин 0,20 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо) үчүн жазган билдирүүсү канаттандырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылына кошумча 35кВ аба чубалгысын тартып, 35/10кВ көмөк чордон куруу үчүн, Жаңы-Араван айылынын Ак-Шар участкасында жайгашкан №1090 контурдагы жайыт жер тилкесинин 0,20 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
3. Достук айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Октамовго Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Жаңы-Араван айылынын Ак-Шар участкасында жайгашкан №1090 котурдагы жайыт жер тилкеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү №665 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин жана максаттуу багытта пайдалансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |