Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ
13.06.2025 № 1
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн Пахта-Дөбө, Ачы, Жаңы-Араван, Пахта-Абад айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Шаар куруу жана архитектура депатаментинин №3 өнөрканасынын жетекчиси Түмөнбаев Садыкбек Турдубековичтин берген маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнүн Пахта-Дөбө, Ачы, Жаңы-Араван, Пахта-Абад айылдарынын башкы планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Башкы планды иштеп чыгууга бөлүнгөн 6 392 312 (6 миллион үч жүз токсон эки миң үч жүз он эки) сом акча каражатын туура сарптап пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировго тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |