Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ
13.06.2025 № 3
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылында жайгашкан А.Эшенкулов орто мектебинин футбол аянтчасына газон жаткыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылында жайгашкан А.Эшенкулов орто мектебинин футбол аянтчасына газон жаткыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү депутат Нурматов Айтмаматтын кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылында жайгашкан А.Эшенкулов орто мектебинин футбол аянтчасына газон жаткыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү депутат Нурматов Айтмаматтын кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылында жайгашкан А.Эшенкулов орто мектебинин футбол аянтчасына газон жаткырууга смета түзүү үчүн, Мангыт айылы үчүн 2025-жылдын иш-планында бөлүнгөн сумманын ичинен 4 231 804 (төрт миллион эки жүз отуз бир миң сегиз жүз төрт) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Токтомдун аткарылышы ФЭБнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |