Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ
13.06.2025 № 4
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 13-июнундагы, Кара-Булак айылындагы мазар толуп калгандыгына байланыштуу мазар үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү Кара-Булак айылынын тургундарынын арызынын негизинде жазган билдирүүсүн карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 13-июнундагы, Кара-Булак айылындагы мазар толуп калгандыгына байланыштуу мазар үчүн 1 га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү Кара-Булак айылынын тургундарынын арызынын негизинде жазган билдирүүсүн таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 13-июнундагы, Кара-Булак айылындагы мазар толуп калгандыгына байланыштуу мазар үчүн 1 га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү Кара-Булак айылынын тургундарынын арызынын негизинде жазган билдирүүсүн карап чыгуу жөнүндө канаттандырылсын.
2. Кара-Булак айылындагы мазар толуп калгандыгына байланыштуу мазар үчүн 1 га жер тилкесин которууга (трансформациялоого) Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
3. Достук айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Октамовго Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Кара-Булак айылында жайгашкан 1 га жер тилкесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү №665 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин жана максаттуу багытта пайдалансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |