Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ
13.06.2025 № 5
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Коргон айылынын спорт боюнча машыктыруучусу Эркинбаев Махаматсадык Орозалыевичтин 2025-жылдын 3-июнундагы арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Коргон айылынын спорт боюнча машыктыруучусу Эркинбаев Махаматсадык Орозалыевичтин 2025-жылдын 3-июнундагы, Ысык-Көл облусунда өтүүчү “Ысык-Көл бермети” аттуу Эл аралык турнирге 4 боксчу, 1 тренердин катышып келүүсү үчүн акча каражатынан жардам сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл өкмөтунө караштуу Кызыл-Коргон айылынын спорт боюнча машыктыруучусу Эркинбаев Махаматсадык Орозалыевичтин 2025-жылдын 3-июнундагы, Ысык-Көл облусунда өтүүчү “Ысык-Көл бермети” аттуу Эл аралык турнирге 4 боксчу, 1 тренердин катышып келүүсү үчүн материалдык жардам катары айыл өкмөтүнүнүн бюджетинен 10 (он) миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Буйруктун финансы жагын чечүү айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу камиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |