Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ
13.06.2025 № 6
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагынан спорт боюнча мелдештерге катышуучу спортчуларга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин төрагасы Худайбердиев Розали Ниязовичтин, Достук айыл аймагынан спорт боюнча мелдештерге катышуучу спортчуларга материалдык колдоо көрсөтүү боюнча оозеки билдирүүсүн угуп, айылдык кеңештин кезектеги сессиясын өтүүсүн күттүрбөй, 6 айга айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн, 600 миң сом акча каражатын, жардам сурап келген айыл өкмөтүнүн спортчуларына берилүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айылдык кеңешинин төрагасы Худайбердиев Розали Ниязовичтин, Достук айыл аймагынан спорт боюнча мелдештерге катышуучу спортчуларга материалдык колдоо көрсөтүү боюнча оозеки билдирүүсүн угуп, айылдык кеңештин кезектеги сессиясын өтүүсүн күттүрбөй, 6 айга айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн, 600 миң сом акча каражатын, жардам сурап келген айыл өкмөтүнүн спортчуларына берилүүсү жөнүндөгү оозеки билдирүүсү канаттандырылсын.
2. Достук айылдык кеңешинин төрагасы Худайбердиев Розали Ниязовичтин, Достук айыл аймагынан спорт боюнча мелдештерге катышуучу спортчуларга материалдык колдоо көрсөтүү үчүн, жазган арыздарын кезектеги сессиянын өтүүсүн күттүрбөй 6 айга айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 600 миң сом акча каражатын, жардам сурап келген спортчуларга муктаждыгына жараша ошол айылдын айыл башчысы жана айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлер тактап мыйзам чегинде, айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш беришсин жана айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы мыйзам чегинде акча ажыратып берүү жагы жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |