Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ
13.06.2025 № 7
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагын аралап өткөн Ош-Чек-Абад автожолун 19,5-20,0 чакырым аралыгында оңдоо иштерин аткаруу үчүн тоскоолдук жараткан жол четиндеги дарактарды алып салуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М..Н.Кадировдун Достук айыл аймагын аралап өткөн Ош-Чек-Абад автожолун 19,5-20,0 чакырым аралыгында оңдоо иштерин аткаруу үчүн тоскоолдук жараткан жол четиндеги дарактарды алып салуу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк”мамлекеттик ишканасынын №44 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалынын №01-6/117 сандуу катынын жана 03/24-176-ПИК сандуу жумушчу документи (Рабочая проект) негизинде Ош-Араван-Чек-Абад автожолунун 19,5-25,0 чакырым аралыгында жол жасоо иштеринин башталгандыгына байланыштуу Достук айыл өкмөтүнө тиешелүү жол тилкесиндеги тоскоолдук жараткан дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М..Н.Кадировдун Достук айыл аймагын аралап өткөн Ош-Араван-Чек-Абад автожолунун 19,5-25,0 чакырым аралыгында жол жасоо иштеринин башталгандыгына байланыштуу Достук айыл өкмөтүнө тиешелүү жол тилкесиндеги тоскоолдук жараткан дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсү канаттандырылсын.
2. Достук айыл аймагын аралап өткөн Ош-Араван-Чек-Абад автожолунун19,5-25,0 чакырым аралыгында оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, жол четинде тоскоолдук жараткан 16 см ге 140 түп арча, 24 см ге чейин 143 түп арча, 32 см ге чейин 31 түп арча жана 32 см ден чоң 37 түп кайрагачтарды кыйдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл Министрлигине сунушталсын..
3. Токтомдун аткарылышы Достук Муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Маликовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Т.Пиратовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |