Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

 

2025-жылдын 26-февралы,  №6/1

    2024-жылдын жыл жыйынтыгы менен Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинин    жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жөнүндө.

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине негиз Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун отчетун  угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жолдошовдун 2024-жылдын жыл жыйынтыгы менен Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жөнүндөгү отчету кээ бир кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Мухамедысак уулу