Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-1
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 –беренесин жана айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планына ылайык, С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмровдун 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп, айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан талкууланып, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышынын сапаттык денгээлин жогорулатуу, айыл өкмөтүнүн башкаруучулугун өнүктүрүү, жергиликтүү бюджетине кошумча булактарды табуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнү толуктап, чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдардан максаттуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагында жеке ишкерлердин жана инвесторлордун жардамы менен кичи жана чакан ишканаларды ачуу, жергиликтүү бюджетин көтөрүү , кошумча иш орундарын түзүп, айыл тургундарын иш менен камсыз кылуусу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Агрардык сектордо иштеп жаткан дыйкан-фермер чарбаларына жакындан практикалык жардам берип, айыл өкмөтүнүн экономикасын жогорулатууда айыл аймагында күнөсканаларды куруу, айыл чарбасында дыйкандарды жаңы жогорку түшүм берүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүн үрөндөрү менен камсыздоо, кайрак жерлерге тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен интенсивдүү бактардын аянттарын көбөйтүү, жылдан жылга айыл өкмөтүнүн киреше бюджетин жогорулатуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Айыл аймагында мыйзамсыз курулган курулуштарды бузууда пайда болгон курулуш таштандыларын курулуш ээлери тарабынан ташып чыгартуу жана райондун борборунун тазалыгын сактоо жагы “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасына жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. “Жашыл мурас” улуттук компаниясын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишке ашыруу, 2025-жылда социалдык-экономикалык, маданий багыттарда аткаруу үчүн белгиленген иш-чаралардын өз убагында так аткарылышын камсыз кылууда, айылдырды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган элди мобилизациялоону мындан ары дагы жогорку денгээлге көтөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |