Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

 

2025-жылдын 26-февралы,  №6/7

   Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Салык кодексине жана  Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы өзгөртүүлөрдүн негизинде Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 20.01.2025-жылдагы № 01-4/17 чыгуу санындагы катына ылайык Турак жайга же мүлк салыгынын базалык салык наркын 2025-2026-2027-жылдарга бекитип берүү жөнүндөгү 2025-жылдын 4-февралындагы №4/4 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу бул токтом жокко чыгарылсын.

2.Кара-Кочкор айыл аймагында 2025-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыктары киргизилсин.

3. Турак жайга же жайга мүлк салыгы бир чарчы метрге 11 сомдон эсептөө белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы Т.Эрмековго жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Мухамедысак уулу