Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-2
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 1- жарым жылдыгына карата аткарылган иштери жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин
1- жарым жылдыгына карата аткарылган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р. Базарбаевдин маалыматын жана 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында жергиликтүү бюжетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, сессияга катышкан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 1- жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р. Базарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн өзгөрүүлөрү №1-тиркемеге карата бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет.)
3. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2-кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү №2-тиркемеге карата бекитилсин. (2-тиркеме тиркелет.)
4. С.Юсупова айыл өкмөтүнө 2025-жылдын 2-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн үнөмдөлгөн беренелер боюнча жылдыруулары №3-тиркемеге карата жылдырылсын. (№3- тиркеме тиркелет).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |