Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

 

2025-жылдын 26-февралы,  №6/8

    Граждандык коргоонууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын 25-ноябрындагы №01-38/1116, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 10.10.2024-жылдагы №20-1-14/616 катынын жана Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 16-январындагы №01-14/31 катынын негизинде Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Коопсуздук - 2025” биргелешкен командалык - штабдык жана моблизациялык машыгуусун өткөрүү максатында жергиликтүү бюджеттен 250 000 (эки жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Мухамедысак уулу