Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-3
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга Республикалык бюджетинен берилген 7 млн 509 миң сомдон үнөмдөлгөн 803 миң сом калдыгын жумшоо жөнүндө.
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга Республикалык бюджетинен берилген 7 млн 509 миң сомдон үнөмдөлгөн 803 миң сом акча каражатын 2025-жылда айыл аймагындагы орто мектептеринин от казандарын жаңылоого жумшоо боюнча айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, сессияга катышкан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга Республикалык бюджетинен берилген 7 млн 509 миң сомдон үнөмдөлгөн 803 (сегиз жүз үч) миң сом акча каражатын 2025-жылда айыл аймагындагы орто мектептердин от казандарын жаңылоого жумшалсын.
3. Айыл аймагындагы орто мектептеринин от казандарын кыш мезгилине карата жаңылоо жана ремонтоо иштерин сапатуу аткаруусу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |