Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-4
С. Юсупова айыл аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө.
С. Юсупова айыл аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө милициянын ага аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Моминов Бекжан Маматзакировичтин маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык кенеши токтом кылат:
1.С. Юсупова айыл аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө милициянын ага лейтенанты Б.Моминовдун маалыматы эске алынсын.
2. Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө кылмыштуулуктун алдын алууда жер-жерлердеги коомдук уюмдар эсептелген, КАБ, көчө комитеттери, аялдар кеңеши, аксакалдар соту, жамааттар менен тыгыз байланышта болуп, эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин, профилактикалык иштерди күчөтүү колго алынсын.
3. Айыл аймагында спирттик ичимдиктерин сатуучу дүкөндөрдүн ээлерине спирттик ичимдиктерди 8.00 дөн 22.00 гө чейин сатуусу белгиленсин. 22.00 дөн кийин спирттик ичимдиктерин сатырбоо жана саткан дүкөн ээлерине мыйзам чегинде чара колдонуу жагы айыл башчыларына жана аймактык тескөөчүлөргө тапшырылсын.
4. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү күзөттү уюштуруп «Сакчы» тобун ишин жандандырып, аларга усулдук жардам көрсөтүү менен жаштар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин колго алып, тегерек столдорду, практикалык окуу-семинарларды уюштуруп, аларга адистерди чакыруу менен жаштарды кылмыштуулуктан кайтарууну бардык чараларын көрүү аймактык тескөөчүлөргө, айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана жаштар комитетине тапшырылсын.
5. Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу, диний-экстремизмге каршы күрөшүү боюнча айыл тургундарынын арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы колго алынсын.
6. Айыл өкмөтүнө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча булактардан түшүүчү акча каражаттарынан Райондун борборундагы эл көп чогулуучу көчөлөргө 4 видео көзөмөл орнотуп берүү жагы суралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймактык МАЫӨнө жана С.Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |