Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-5
Араван айылы
С. Юсупова айыл аймагындагы күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйноо иштеринин аткарылышы жана бошогон жерлерге экинчи эгинди эгүү, себүү иштерин жүрүшү жөнүндө.
С. Юсупова айыл аймагындагы күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйноо иштерин аткарылышы жана бошогон жерлерге экинчи эгинди эгүү, себүү иштерин жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Шайымкуловдун маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин, суроо талаптарын эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл аймагындагы күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйноо иштерин аткарылышы жана экинчи эгинди эгүү, себүү иштерин жүрүшү, айыл чарба эгиндерини сугат суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Шайымкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнө 2025 айыл чарба жылына карата айыл өкмөтүнүн аймагында эгилген күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп жыйноо иштерин уюшкандыкта жүргүзүү, коңшулаш райондордон келген жардамчы комбайндардын механизаторлоруна жакшы шарт түзүп берүү менен бирге тез арада күздүк дан эгиндерин оруп жыйноо иштерин аяктоо. 2026-жылга карата күздүк дан эгиндерин аянтын көбөйтүү боюнча иш чараларды жүргүзүү колго алынсын.
3. 2025-айыл чарба жылынын экинчи жарым жылдыгында дыйкан фермер чарбаларга экинчи эгинге эгилген эгиндерден мол түшүм алуу үчүн агротехникалык эрежелерге көңүл буруп, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден асыроону, сугат суудан үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын колдонууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине жүктөлсүн.
4. Айыл чарба эгиндеринин вегетациялык мезгилинде сугат суудан үнөмдүү пайдалануу менен, дыйкан фермер чарбаларды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Обу-хает”, “Кара-коргон”, “Үмүт-Араван” “Теват” АВПларына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Шайымкуловго жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |