Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-6
Араван айылы
“Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасынын жекетчиси С.Нурдиновдун айыл аймагынын калкын таза ичимдик суусу менен камсыздоодо аткарып жаткан иштери жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасынын жекетчиси С.Нурдиновдун айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыздоодо аткарып жаткан иштери жөнүндө билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасы айыл аймагынын калкын таза ичимдик суусу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштеринде кемчиликтер бар экенидиги белгиленсин.
2. “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылууда ичимдик суусу тартыш болгон көчөлөрүндө жайгашкан жер асты суу насосторун тазалоо, эски суу түтүктөрүн ремонттоо иштерин өздүк бюджетинен жана инвесторлордун эсебинен тез күндө аткаруусу белгиленсин.
3. “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасы калкты таза ичимдик суу менен жүз пайыз камсыздоодо кошумча жер асты суу насосторун казуу иштери колго алынсын жана аталган иштерге 2025-жылга карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн акча каражатын толугу менен жумшоосу айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Айыл өкмөтүнө “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасына 2025-жыл ичинде үч жер асты таза ичимдик суу насосторуна проект даярдоого айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча булактардан түшүүчү акча каражаттарынын эсебинен 450 ( төрт жүз элүү) миң сом акча каражатын ажыратуу жагы суралсын.
5. Таза ичимдик суу сакталуучу объектилерин (бассейиндерин) айланасын атайын тосмолор менен тосуп, видео көзөмөл орнотуу жана нөмөөтчүлүк уюштурууну катуу көзөмөлгө алуу жагы “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасынын башчысы С.Нурдиновго жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жүктөлсүн.
6. Таза ичимдик сууга болгон төлөмдөрүн өз убагында жыйноо менен, суу эсептегичтерди орнотуу иштери жүргүзүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |