Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-7
Араван айылы
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун айыл өкмөтүнө “Бай Түшүм” ЖЧК жетекчиси Маматысаев Дастан айыл аймагына караштуу Ак-Шар участкасындагы №216, №213, №36- контурларындагы жайыт жеринен жалпы аянты 5,0 га жеринен шагыл казып алууга макулдук сурап жазган арызы боюнча билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү убактылуу жобону” жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Бай Түшүм” ЖЧК жетекчиси Д. Маматысаевге айыл аймагына караштуу Ак-Шар участкасындагы №216, №213, №36- контурларындагы жайыт жеринин ичинен 5,0 га жеринен шагыл казып алууга макулдук берилсин.
2. “Бай Түшүм” ЖЧК жетекчиси Д. Маматысаевге айыл аймагына караштуу Ак-Шар участкасындагы №216, №213, №36- контурларындагы жайыт жеринин ичинен 5,0 га жеринен шагыл казып алууга макулдук берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо менен тийиштүү ишкана жана мекемелердин корутундуларынын негизинде белгиленген тартипте каралып, макулдук берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |