Загрузка документа…
РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-апрели, №7/1
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан келген бодо малдарга жайыт акыларынын көлөмү ар бир бодо мал үчүн 1000 ( бир миң ) сомдон жана жандык малдар үчүн ар бир жандыкка 200 ( эки жүз сомдон жайыт акы төлөнүп алынсын деген Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйналышынын сунушун кароо жөнүндө.
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан келген бодо малдарга жайыт акыларынын көлөмү ар бир бодо мал үчүн 1000 ( бир миң ) сомдон жана жандык малдар үчүн ар бир жандыка 200 ( эки жүз ) сомдон жайыт акы төлөнүп алынсын деген Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйналышынын сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Рыспай Абдыкадыров айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан келген бодо малдарга жайыт акыларынын көлөмү ар бир бодо мал учун 1000 ( бир миң) сомдон жана жандык малдар үчүн ар бир жандыкка 200 ( эки жүз ) сомдон жайыт акы төлөнүп алынсын деген Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйналышынын сунушу бекитилсин.
2. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан келген ар бир бодо мал үчүн 1000 ( бир миң ) сомдон жана ар бир жандыкка 200 ( эки жүз ) сомдон жайыт акы мал ээлеринен өндүрүлүп алып жайыт планына төгүү жагы Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Абдыманап уулу А |