Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-9
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун айыл өкмөтүнө Ош шаарынын тургуну Абылкасымов Элдияр айыл аймагына караштуу Ак-Шар участкасындагы № 129- контурундагы жайыт жеринен жалпы аянты 2,0 га анын ичинен 0,50 га жер тилкесин багытын кум шагыл аралашмасын иштеп чыгаруучу завод багытына которууга (трансформациялоого) жана 1,50 га жер тилкесин шагыл алууга макулдук сурап жазган арызы боюнча билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү убактылуу жобону” жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын тургуну Э. Абылкасымовго айыл аймагына караштуу Ак-Шар участкасындагы № 129- контурундагы жайыт жеринен ичинин 0,50 га жер тилкесин багытын кум шагыл аралашмасын иштеп чыгаруучу завод багытына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын тургуну Э.Абылкасымовго айыл аймагына караштуу Ак-Шар участкасындагы № 129- контурундагы жайыт жеринен ичинин 1,50 га жеринен шагыл казып алууга макулдук берилсин.
3. Э.Абылкасымовго айыл аймагына караштуу Ак-Шар участкасындагы № 129- контурундагы жайыт жеринен жалпы аянты 2,0 га анын ичинен 0,50 га жер тилкесин багытын кум шагыл аралашмасын иштеп чыгаруучу завод багытына которууга (трансформациялоого) жана 1,50 га жер тилкесин шагыл алууга макулдук берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо менен тийиштүү ишкана жана мекемелердин корутундуларынын негизинде белгиленген тартипте каралып, макулдук берүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык,
турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |