Загрузка документа…
РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-апрели, №7/2
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы калктуу конушунун ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Кийикбаев Мамажандин ысымын берүү жөнүндөгү Кызыл-Булак айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун кароо жөнүндө.
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын калктуу конушунун ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Кийикбаев Мамажандин ысымын берүү жөнүндөгү Кызыл-Булак айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап Депутаттардын Рыспай Абдыкадыров айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган ( 8 -шайланган) № 7-сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын калктуу конушунун ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Кийикбаев Мамажандин ысымын берүү жөнүндөгү Кызыл-Булак айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.
2. 04.12.2024-жылда өтүлгөн Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Кызыл-Булак ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Кийикбаев Мамажандин ысымы берилсин.
3. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Кызыл-Булак ички көпүрөсү 2024-жылдын 04-январынан баштап Кийикбаев Мамажан атындагы көпүрө деп аталсын.
4. Суралсын Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын ички көпүрөгө Кийикбаев Мамажан атындагы көпүрө деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Абдыманап уулу А |