Загрузка документа…
РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-апрели, №7/3
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Конокбай-Талаа айылындагы калктуу конушунун ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Атаканов Жусубали ысымын берүү жөнүндөгү Кызыл-Булак айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун кароо жөнүндө.
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Конокбай-Талаа айылынын калктуу конушунун ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Атаканов Жусубалининысымын берүү жөнүндөгү Конокбай-Талаа айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап Депутаттардын Рыспай Абдыкадыров айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган ( 8 -шайланган) № 7-сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Конокбай-Талаа айылынын калктуу конушунун ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Атаканов Жусубалинин ысымын берүү жөнүндөгү Конокбай-Талаа айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.
2. 07.04.2025-жылда өтүлгөн Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Конокбай-Талаа айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Конокбай-Талаа ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Атаканов Жусубалинин ысымы берилсин.
3. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Конокбай-Талаа айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Конокбай-Талаа ички көпүрөсү 2025-жылдын 07-апрелинен баштап Атаканов Жусубали атындагы көпүрө деп аталсын.
4. Суралсын Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Конокбай-Талаа айылынын ички көпүрөгө Атаканов Жусубалинин атындагы көпүрө деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Абдыманап уулу А |