Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-11
Араван айылы
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн айыл башчысы К.Мирзабаевдин арызын кароо жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн айыл башчысы К.Мирзабаев Сүтхор айылындагы “Калтажы - Эне” балдар бакчасына балдар ойноочу бесетка куруп берүү жөнүндөгү арызы менен таанышып, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С.Юсупова айыл аймагына караштуу Сүтхор айылындагы “Калтажы - Эне” балдар бакчасына балдар ойноочу бесетка куруп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө Сүтхор айылындагы “Калтажы - Эне” балдар бакчасына балдар ойноочу бесетка курууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүу бюджетине кошумча булактардан түшүүчү акча каражаттарынын эсебинен 180 (бир жүз сексен) миң сом акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |