Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-апрели, № 17
Дарылануу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылынын тургуну Орозов Таалайбек Кеңешбаевич учурда боор ооруп шланга менен жүргөндүгүнө байланыштуу Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражатын сурап жазган арызы боюнча медициналык корутундуларын карап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айылынын тургуну Орозов Таалайбек Кеңешбаевичтин дарылануусу үчүн Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү, токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаевге жана СЭБ башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |