Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
11.07.2025 № 8-12
Араван айылы
Араван районунун 90 жылдыгына карата Араван районунун Достук борбордук стадионуну оңдоп, түздөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
Араван районунун 90 жылдыгына карата Араван районунун Достук борбордук стадионуну оңдоп, түздөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Араван районунун Достук борбордук стадионуну оңдоп, түздөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен 3 500 000 (үч миллион беш жүз) миң сом акча каражаты суралсын.
2. Айыл өкмөтүнө Араван районунун Достук борборд ук стадионуну оңдоп, түздөөдө эң заарыл болгон аткарыла турган ремонт иштери такталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |