Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ
15.08. 2025-жыл № 9 -1
Араван айылы
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа берилишине байланыштуу Мамлекеттик лизинг компаниясы ААКнан лизинге бериле турган бир кызаматтык автоунаа алууга айылдык кеңешинин депутаттарынан макулдук сурап жазган билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүнө Мамлекеттик лизинг компаниясы ААКнан лизинге бир кызматтык автоунаа алууга макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнө лизинге алынуучу кызматтык автоунаанын төлөмдөрүн төлөөдө жергиликтүү бюджеттин тиешелүү жылдарга карата акча каражаты каралсын.
3.Лизинге алынуучу кызматтык автоунаага байланыштуу документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р.Базарбаевге тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |