Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-апрели, № 16
Көк-Суу участогунан чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген лицензияларды жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Анарбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген лицензияга ылайык, Памир-Алай айыл аймагындагы Көк-Суу участкасынан суралган жерге геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Чалгындоо иштери жүргүзүлө турган жер участогунун чектери, мөөнөтү жана шарттары мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген тартипте аныкталсын.
3. Жерге жана экологияга зыян келтирбөө, жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске алуу жана чалгындоо иштеринин жүрүшүндө бардык коопсуздук талаптарын сактоо милдети лицензия ээсине жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл аймагынын башчысы К.Анарбаевге жүктөлсүн.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |