Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ
15.08. 2025-жыл № 9 -2
Араван айылы
С. Юсупова айыл аймагындагы кургап калган жана жарандарга кооптуу болгон дарактарды кыюу жөнүндө
С. Юсупова айыл аймагындагы борбордук жана айыл көчөлөрүнүн жолдорунун четинде, ишкана мекемелердин имаратынын жанында, айыл тургундарынын короосунда жайгашкан жарандарга кооптуу болгон жана куруп калган дарактарды кыюуга макулдук берүү боюнча төрага М.Мамитовдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1.С. Юсупова айыл аймагындагы борбордук жана айыл көчөлөрүнүн жолдорунун четинде, ишкана мекемелердин имаратынын жанында, айыл тургундарынын короосунда жайгашкан жарандарга кооптуу болгон жана куруп калган дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнө айыл аймагына караштуу жолдорунун четинде, ишкана мекемелердин имараттарынын жанында, айыл тургундарынын короосунда жайгашкан жарандарга кооптуу болгон жана куруп калган дарактарды кыюуда мыйзам чегинде тийиштүү документтерди даярдоосу жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынан уруксат алуу жагы тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |