Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ
15.08. 2025-жыл № 9 -3
Араван айылы
Айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-июнундагы 7-сессиясында кабыл алынган №7-3 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
.
Айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-июнундагы 7-сессиясында кабыл алынган
№7-3 токтомуна айыл аймагынын Октябрь айылынын М.Калыков көчөсүндө жайгашкан №791 контурундагы жайыт багытындагы жана №797 контурундагы коомдук курулуштар багытындагы жер тилкелерине кошумча № 802 контурундагы жайыт багытындагы, № 793 контурундагы коомдук курулуштар багытындагы жер тилкелеринин ичинен жалпы аянты 2,0 га жер тилкесин билим берүү 112- кесиптик лицей багытына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин деп өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылынын М.Калыков көчөсүндө жайгашкан №791 контурундагы жайыт багытындагы жана №797 контурундагы коомдук курулуштар багытындагы жер тилкелерине кошумча № 802 контурундагы жайыт багытындагы, № 793 контурундагы коомдук курулуштар багытындагы жер тилкелеринин ичинен жалпы аянты 2,0 га жер тилкесин билим берүү 112- кесиптик лицей багытына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылынын М.Калыков көчөсүндө жайгашкан №791 контурундагы жайыт багытындагы жана №797 контурундагы коомдук курулуштар багытындагы жер тилкелерине кошумча № 802 контурундагы жайыт багытындагы, № 793 контурундагы коомдук курулуштар багытындагы жер тилкелеринин ичинен жалпы аянты 2,0 га жер тилкесин билим берүү 112- кесиптик лицей багытына которууда айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте багытын которуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык,
турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |