Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-апрели, № 14
Жайлоого көчүрүү, жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жана айып пулдар жөнүндө
1. Памир–Алай айыл өкмөтүнүн тургундары 2025-жылдын 15-майдан 25- майга чейин жайлоого көчүү, 2025-жылдын 15-сентябрынан көчүп келүү жагы белгиленсин.
2. Сырттан алып келген малдарды айылга киргизбей, алыскы жайыттарга, жайлоого көчүрүлсүн. Жакынкы жайыттарга, жайлоолоруна отургандарга жана жайлоодон белгиленген мөөнөттөн эрте көчүп келгендерге укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза чараларын көрүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамынын протоколдору толтурулуп, мыйзам чегинде айып пулдар салынсын.
3. Белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүрүү, айдоо жерлерге, үлүш жерлерге түшкөн малды көзөмөлдөө жагы Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жер адисине, айыл башчыларына, “Жаңы Сары-Таш” МИнин жетекчисине жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза чараларын көрүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |