Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ
15.08. 2025-жыл № 9-5
Араван айылы
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун айыл аймагындагы ички чарбалар аралык арыктар жана каналдарды Райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү боюнча жазган билдирүүсүн кароо жөнүндө
.
С.Юсупова айыл аймагындагы ички чарбалар аралык арытар жана каналдарды Райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун жазган билдирүүсүн жана айыл аймагындагы ички аралык каналдардын аталышы, узундугу жөнүндө маалыматтарды угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алынып, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 665 токтомун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С.Юсупова айыл аймагындагы ички чарбалар аралык арыктар жана каналдарды Райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү №1 тиркемеге ылайык макулдук берилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет.)
2. С.Юсупова айыл аймагындагы ички аралык арыктар жана каналдарды Райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтүнүн балансынан РСЧБ на өткөрүп берүү жагы тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнө ички чарбалар аралык арыктар жана каналдарды көз карандысыз эксперттер тарабынан баланстык баасын аныктоо жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |