Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-апрели, № 13
Жайыт акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамына ылайык Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай өкмөтүнүн тургундарынын жайыт акы төлөмдөрү, бодо малга (уй,жылкы,топоз КРС) бир башка 100 сом жана майда жандыкка (кой,эчки МРС) бир башка 35 сом болуп байлансын.
2. Памир-Алай өкмөтүнүн аймагына сырттан келген малдардын жайыт акы төлөмдөрү, бодо малга (уй,жылкы,топоз КРС) бир башка 300 сом жана майда жандыкка (кой,эчки МРС) бир башка 100сом болуп байлансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |