Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ
15.08. 2025-жыл № 9-6
Араван айылы
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
.
С.Юсупова айыл аймагынын Ак-Шар участкасындагы №126, №129 контурларындагы жайыт жеринен жалпы аянты 4,25 га жер тилкесинен шагыл казып алууга макулдук сурап жазган айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү убактылуу жобону” жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын Ак-Шар участкасындагы №126, №129 контурларындагы жайыт жеринен жалпы аянты 4,25 га жер тилкесинен шагыл казып алууга макулдук берилсин.
2. Айыл аймагынын Ак-Шар участкасындагы №126, №129 контурларындагы жайыт жеринен жалпы аянты 4,25 га жер тилкесинен шагыл казып алууга макулдук берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо менен тийиштүү ишкана жана мекемелердин корутундуларынын негизинде белгиленген тартипте каралып, макулдук берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык,
турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |