Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ
15.08. 2025-жыл № 9-7
Араван айылы
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
.
С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылындагы №804 контурундагы жайыт багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,18га жер тилкесин мал короо багытына которууга трансформатциялоого макулдук сурап жазган айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алынып, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 665 токтомун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылындагы №804 контурундагы жайыт багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,18га жер тилкесин мал короо багытына которууга (трансформатциялоого) макулдук берилсин.
2. С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылындагы №804 контурундагы жайыт багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,18га жер тилкесин мал короо багытына которууга (трансформатциялоого) макулдук берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо менен тийиштүү ишкана жана мекемелердин корутундуларынын негизинде белгиленген тартипте каралып, макулдук берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |