Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 10-отуруму
2025-жылдын 11-апрели, № 11
100 га жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо)жөнүндө” мыйзамынын негизинде Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын негизинде Памир-Алай айыл аймагына караштуу Телкум участкасынан 100 га жер аянтын Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Памир-Алай айыл аймагынын башчысы К.Анарбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |