Редакцияот 12.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2-сессиясы

 

2025-жылдын 12-январы №10

Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндо сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:

1.Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Ушул бекитилген муниципалдык кызматтардын тизмеги боюнча иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов