Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ
15.08. 2025-жыл № 9-9
Араван айылы
С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясында кабыл алынган №5-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө..
.
С.Юсупова айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 5-августундагы №01-30/1594 катыны аткарууга алуу максатында участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине толуктоо киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун жазма түрүндөгү билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1- бөлүгүнү жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1.С.Юсупова айыл аймагындагы 9 (тогуз) участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына кошумча сунушталган талапкерлер №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1тиркеме тиркелет)
2.С.Юсупова айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына кошумча сунушталган талапкерлердин тийиштүү документтерин тактоо жана даярдоо айыл өкмөтүнүн башкы адиси Г.Мамытовага жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнө участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына сунушталган талапкерлердин тийиштүү документтери Араван АШКна жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.И.Мамитов |