Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 3-сессиясы

 

2025-жылдын 5-февралы №1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмонали Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышы тууралуу билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп талкуулап токтом кылат:

Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жыл ичиндеги киреше бөлүгү 147 820 651 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү сомду түзүп

аппаратка 20 270 765  сом

айылдык кеңешке 1 024 881 сом

аппараттын атайын каражатына 884 000 сом

мектептерге 18 953 007 сом

бала бакчаларга 17 145 718 сом

бала бакчалардын атайын каражатарына 5 532 724  сом

китепканаларга 2 161 593 сом

маданий иш чараларга 1 494 500 сом

клубтарга 2 337 679 сом

өзгөчө кырдаалдарга 3 145 725  сом

ЖКХ 51 302 718   сом

социалдык жардамдарга 2 499 998 сом

компенсацияга 2 174 200 сом

статистке 718 500 сом

музейге 488 824 сом

жайытка 1 476 687 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов