Загрузка документа…
Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин 9- сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышынын
ТОКТОМ
25.07. 2025-жыл № 9/1
Тогуз-Булак айылы
.
Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө
Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Рыспай Абдыкадыров айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын төрагасына айылдык кенештин депутаты Кожомбердиева Ажар катчысына айылдык кенештин депутаты Каримжанова Гүлсана
мүчөсүнө айылдык кенештин депутаты Акбарали уулу Жыргалбектер бекитилсин.
2.Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.
3.Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Р.Абдыкадыров айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | Т. Чоюнов |