Загрузка документа…
Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин 9- сессиясыны (VIII шайланган) жыйналышынын
ТОКТОМ
25.07. 2025-жыл № 9/5
Тогуз-Булак айылы
.
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күңгөй айылындагы Сары-Күңгөй бадар бакчасына ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аял болгон маркум Апсаматова Зууранын ысымын берүү жөнүндөгү Сары-Күңгөй балдар бакчасынын жалпы эмгек жамаатынын жыйынынын сунушун кароо жөнүндө.
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күңгөй айылындагы Сары-Күңгөй балдар бакчасына ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аял болгон маркум Апсаматова Зууранын ысымын берүү жөнүндөгү Сары-Күңгөй балдар бакчасынын жалпы эмгек жамаатынын сунушун угуп жана талкуулап Депутаттардын Рыспай Абдыкадыров айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган ( 8-шайланган) № 9-сессиясынын жыйналышы
Тотом кылат:
1. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күңгөй айылындагы Сары-Күңгөй балдар бакчасына ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аял болгон маркум Апсаматова Зууранын ысымын берүү жөнүндөгү Сары-Күңгөй балдар бакчасынын жалпы эмгек жамаатынын сунушу жактырылсын.
2. 12-декабрь 2018-жылда өтүлгөн Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Сары-Күңгөй балдар бакчасынын жалпы эмгек жыйынынын колдоосунун негизинде Сары-Күңгөй балдар бакчасына ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Апсаматова Зууранын ысмы берилсин.
3. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Сары-Күңгөй балдар бакчасынын жалпы эмгек жамаатынын жыйынынын колдоосунун негизинде Сары-Күңгөй балдар бакчасынын 2025-жылдын 25-июлунуан баштап Апсаматова Зуура атындагы балдар бакчасы деп аталсын.
4. Суралсын Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Сары-Күңгөй айылына караштуу Сары-Күңгөй балдар бакчасына Апсаматова Зуура атындагы балдар бакчасы деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Жумаев |