Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 3-сессиясы

 

2025-жылдын 5-февралы №11

Чоң-Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемесене кошумча чечинүүчү жана жуунучу бөлмөлөрдү салууну Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемесине кошумча чечинүүчү жана жуунучу бөлмөлөрдү салууну Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 3-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.Чоң-Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемесине кошумча чечинүүчү жана жуунучу бөлмөлөрдү салууну Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов