Загрузка документа…
Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин 10- сессиясыны (VIII шайланган) жыйналышынын
ТОКТОМ
19.08. 2025-жыл № 10/3
Тогуз-Булак айылы
.
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебине ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аксакал болгон маркум Кармышаков Тойчу аксакалдын ысымын берүү жөнүндөгү Тогуз-Булак орто мектебинин жалпы мугалим жамаатынын жыйынынын сунушун кароо жөнүндө.
Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебине ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аксакал болгон маркум Кармышаков Тойчу аксакалдын ысымын берүү жөнүндөгү Тогуз-Булак орто мектебинин жалпы мугалим жамаатынын сунушун угуп жана туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдын 18-августундагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Депутаттардын Рыспай Абдыкадыров айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган ( 8-шайланган) № 10-сессиясынын жыйналышы
Токтом кылат:
1. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебине ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аксакал болгон маркум Кармышаков Тойчу аксакалдын ысымын берүү жөнүндөгү Тогуз-Булак орто мектебинин жалпы мугалимдер жамаатынын сунушу жана туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдын 18-августундагы №1 протоколдук чечими жактырылсын.
2.2025-жылдын 23-июлунда өтүлгөн Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак орто мектебинин жалпы мугалимдер жыйынынын колдоосунун негизинде Тогуз-Булак орто мектебине ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Кармышаков Тойчу аксакалдын ысмы берилсин.
3. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак орто мектебинин жалпы мугалимдер жамаатынын жыйынынын колдоосунун негизинде Тогуз-Булак орто мектебинин 2025-жылдын 19-августунан баштап Кармышаков Тойчу атындагы орто мектеби деп аталсын.
4. Суралсын Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылына караштуу Тогуз-Булак орто мектебине Кармышаков Тойчу атындагы орто мектеп деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Рыспай Абдыкадыров айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Жумаев |