Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 10-отуруму
2025-жылдын 11-апрели, № 9
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасына таза суу, ирригация, тазалык жана жайыттарды кошуп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын граждандык кодексинин 92-93-беренесине, Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 735-токтомуна жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасына таза суу, ирригация, тазалык жана жайыттар өткөрүлүп берилсин.
2. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасы, бекитилген уставына ылайык иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына жана Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |